Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоого даярдыктар бүткүл өлкө аймагында кызуу жүрүүдө. Учурда кандай иш-чаралар аткарылып жатканын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев айтып берет.
“Өкмөттүн токтому чыккан, ал жерде бардык иш-чаралар белгиленген. Ошол календарлык пландын негизинде республикалык комиссия түзүлгөн. Ал республикалык комиссияга мүчө болуп министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери мүчө болуп эсептелишет. Ал жерде акимдер, айыл-өкмөттөр дагы бар. ошол комиссиялар азыр иштеп атат”
Республикалык комиссия мүчөлөрү калк арасында эл каттоонун маанилүүлүгүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Эске салсак, Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоо 25-марттан 3-апрелге чейин өтөт.