Элге акысыз кеңеш берген психологдордун борбору түзүлдү

Ош жана Бишкек шаарларында калкка психологиялык жардам көрсөтүү үчүн атайын борбор түзүлдү. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Сорос-Кыргызстан” фондунун “Үй-бүлө жана коом” коомдук бирикмесинин колдоосу алдында Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан чалуу борборлору ишке киргизилген.

 

 

Анын алкагында психолог, психотерапевт, психиатрлардан турган адистер тобу колдоого муктаж адамдарга аралыктан акысыз жардам көрсөтүшөт. Аларга эртең мененки саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин чалууга болот.

“Эгерде сиз коркуп, тынчсызданып жана баарлашып бугуңузду чыгарып алуу үчүн адистердин кеңешине жана колдоосуна муктаж болуп турсаңыз кайрылыңыз. Телефон чалуу же WhatsApp мессенджери аркылуу каалаган аймактан байланыша аласыз”, — деп жазылат маалыматта.

 

Психологдордун телефон номерлери:

  • Акпышаров Нурлан Токтосунович, Ош облустук психикалык ден соолук борборунун директорунун орун басары, врач-психиатр — 0553359455;
  • Базарбаева Гүлмира Кадыракуновна, психотерапевт — 0557272741;
  • Борбиева Бегаим Смановна, психолог — 0773248240;
  • Бровкина Светлана Николаевна, клиникалык психолог — 0551949549;
  • Жолдошбаева Гүлмира Раимбековна, психиатр — 0770341709;
  • Жолдошева Акчач Өлмасовна, психолог — 0772702642;
  • Кабылбекова Гүлмира Кадыракуновна, балдар психиатры — 0779 053828;
  • Копошева Нурзат Таалаевна, психотерапевт — 0556582268;
  • Рустам кызы Бакыткүл, балдар клиникалык психологу — 0554664774;
  • Ураев Султан Салиевич, психолог — 0555788007;
  • Файзулина Зарина Тимуровна, психиатр — 0552280286;
  • Федорова Людмила Юрьевна, психиатр — 07093553;