Россия – Казакстан чек арасында кармалып турган мекендештер жолго чыкты.
Interfax басылмасы билдиргендей, бүгүн таңда Башкорстандын 5 муниципалитетинин
түйүнүндө турган кыргызстандыктар 6 автобуска жайгаштырылды. Биринчи колонна менен
чыккан 296 жаран Оренбург облусунан өтүп Казакстандын чек арасына бет алды.
Күн аягына чейин 1 миң 667 кыргызстандык жолго чыгат деп күтүлүүдө. Эске салсак,
Россия – Казакстан чек арасында 3 мин 200өн ашык мекендеш өтө албай кармалып калышкан.