Кыргызстанда шайлоочулардын саны 3 миллион 523 миң 532ни түздү.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо түзүлгөн тизмеге караганда
быйыл добуш берүүчүлөрдүн саны 27,6 пайызга, ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоого
салыштырмалуу 16 пайызга көбөйдү. Эске салсак, өлкөдө
парламенттик шайлоо 4-октябрь күнү өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.