Индиялык эркек баасы 4 миң долларлык алтын беткап тагынып жүрөт

Индиялык эркек баасы 4 миң долларлык алтын беткап тагынып жүрөт. Ал өзү РИА Новостиге айтып бергендей, ал дайым алтын чынжырчаларды, шакек, сааттарды тагынып жүргөндүктөн, медициналык беткапты дагы баалуу металлдан жасатууга буйрутма берген.

 

Беткаптын салмагы 2,5 килограммды түзүп, ал 289 миң рупий же 3 миң 870 доллар турат.

 

Бет капта дем алуу үчүн анча чоң эмес тешикчелер бар.