Караколдо көп профилдүү оорукананын курулушу башталды. Жалпы аянты 6 миң чарчы метрди түзгөн медициналык жай 350 орундуу болуп, 5 блоктон турат.
Аларда диагностикалык, хирургиялык, травматологиялык жана балдар бөлүмдөрү болот. Андан тышкары, ашкана, лаборатория дагы каралган.