Улуу Британиялык жаран 70 жыл бою унааны күбөлүгү жок айдап, бир дагы жолу полиция кызматкерлерине кармалган эмес

Улуу Британиялык жаран 70 жыл бою унааны күбөлүгү жок айдап, бир дагы жолу полиция кызматкерлерине кармалган эмес. Бирок Ноттингемдин полициясы акыры аны колго түшүрдү.

 

Айдоочу 83 жашта болсо дагы, аны биринчи жолу инспекторлор тосушкан. Белгилүү болгондой, ал 12 жашынан бери унаа башкарып келет, бирок ушул күнгө чейин айдоочу күбөлүгү болгон эмес.