АКШда президенттик шайлоодогу добуштарды саноо уланууда

АКШнын бир нече штатында бул өлкөдөгү 3-ноябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын эсептөө уланууда.

Республикачылардын талапкери, азыркы президент Дональд Трамп добуштарды кайра санатарын айтып жатат.

 

Демократтар партиясынын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден маанилүү деп эсептелген Мичиган жана Висконсин штаттарында көп добуш алганы айтылды.

 

АКШда шайлоонун жыйынтыгы штаттардын деңгээлинде чечилет. Штатта шайлоодо алдыга чыккан талапкер ошол жердеги белгилүү сандагы шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрүнүн добушуна ээ болот. Шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болгон талапкер жеңүүчү болот.