Дүйнөнүн бай адамы Джефф Безос 165 миллион долларга
Беверли-Хиллзден үй сатып алды. Бул Лос-Анджелестеги үйлөрдүн
баасынын рекорддук көрсөткүчү. Ал эми Warner Estate аталышындагы
турак жайдын жалпы аянты 3,5 гектарды түзөт. Аталган аянтта бакчалар,
бир нече конок үйлөрү, теннис корту, гольф талаасы бар. Ал эми турак жай өткөн
кылымдын 30-жылдары Warner Bros. Кинокомпаниясынын президентине таандык болгон.