Таласта бала бакчалар андагы бардык кызматкерлер ПЦР анализ тапшыргандан кийин гана иштеп баштайт

Талас облусундагы бала бакчалар андагы бардык кызматкерлер ПЦР анализ тапшыргандан

кийин гана иштеп баштайт. Бул тууралуу облус жетекчиси Марат Мураталиев билдирди.

Анын айтымында, учурда мектепке чейинки даярдоо мекемелеринде дезинфекциялоо

иштери жүрүүдө. Облус жетекчиси белгилегендей, баланы азырынча

муктаждык жаралганда гана бакчага алып баруу сунушталат.