Пандемиядан улам жумушсуз калгандар жашаган жери боюнча иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылышы керек

Пандемиядан улам жумушсуз калгандар жашаган жери боюнча иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылышы керек. Бул тууралуу 24 агенттигине Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин адиси Асель Кемелова билдирди.

 

Анын айтымында, пособие  айына 900 сомду түзөт. Ал кайрылгандан кийин жарым жыл бою ичинде төлөнөт. Белгилеп кетүүчү нерсе, пособиени карантин киргизилгенге чейин  3 ай аралыгында Соцфондко которуу жасаган жумушсуз адамдар ала алат.