Россиялыктар кийинки айдын башында 10 күн эс алышат.
Тагыраагы, 1-майдан 10-майга чейин катары менен дем алыш
күн, — деп президент Владимир Путин жарыялады. Мындай чечим
коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам кабыл алынды.
Өлкө бийлиги белгилегендей, мындай чара вирустун тарашын
азайтып, эпидемиологиялык абалга оң таасирин тийгизет.