Буга чейин дүйнөнүн эң коопсуз өлкөсү аталган Исландия туристтерди 15-июндан тарта кабыл ала баштайт

Буга чейин дүйнөнүн эң коопсуз өлкөсү аталган Исландия туристтерди 15-июндан тарта кабыл ала баштайт. Чет элдик туристтер үчүн 2 жумалык карантин колдонулбайт, бирок алар өлкө аймагына киргенден кийин коронавируска экспресс-анализ тапшырышы керек болот.

 

Жыйынтыгы ошол эле күнү чыгат. Бирок туристтер үчүн Исландияга жетүү маселеси бар. Аталган өлкөгө учурда Лондон, Стокгольм жана Бостон аркылуу гана кирүүгө болот.