Таиланд 1-октябрдан тартып туристтерди кабыл алса болот

Таиланд 1-октябрдан тартып туристтерди кабыл алса болот.

Бул тууралуу өлкөнүн туризм министри жарыялады. Анын айтымында, “Сейф энд Силд” индустриясын

кайра жандантуу планы кабыл алынса гана уруксат берилет. Курортко өлкөсүндө, шаарында акыркы

30 күн аралыгында КОВИД-19 аныкталбаган туристтер гана бара алышат. Ага катар, эс алуучулар

белгиленген провинцияларды гана кыдырса болот. Мындан тышкары

адамдарда атайы даярдалган мейманканаларга жайгаштыруу пландалууда.