“Твиттер” чиновниктердин аккаунттарын белгилеп баштады

“Твиттер” корпорациясы чиновниктердин жана мамлекеттик массалык

маалымат каражаттарын белгилеп баштады. Белгилөө ошондой эле ММКлардын

редакторлоруна жана өкүлдөрүнө тиешелүү. Бул мамлекет өкүлдөрү менен “Твиттер”

колдонуучулары ортосундагы байланышты жеңилдетүү максатында жасалууда.

Азырынча беш өлкөнүн, анын ичинде Россиянын аккаунттары да көрсөтүлүп жатат.

Буга чейин мындай жобону “Фейсбук” киргизген болчу.