Россиянын 3 регионундагы чет элдиктерди кабыл алууга киргизилген тыюу Кыргызстан жарандарына тиешелүү эмес

Россиянын 3 регионундагы чет элдиктерди кабыл алууга киргизилген тыюу Кыргызстан жарандарына тиешелүү эмес. Бул тууралуу биздин өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

Эске салсак, Ханты-Мансийск автономдук округунда жана Тюмень, Калуга облустарында соода, коомдук транспорт жана коомдук тамактануу тармактарына мигранттарды жумушка алууга тыюу салынды.

 

Бул аймактарда биздин жарандар ишке орношууда кандайдыр бир кыйынчылыктарга туш болсо, элчиликке арыз менен кайрылуу керек, — дешти ведомстводон.