Бишкекте троллейбус айдоочуларынын маянасын көтөрүү пландалууда

Бишкекте троллейбус айдоочуларынын маянасын көтөрүү пландалууда.

Шаардык троллейбус башкармалыгынын жетекчиси Артур Өмүрзаков билдиргендей,

айлыкты жогорулатуу үчүн кирешени көбөйтүү зарыл. Буга электрондук билеттештирүү

системасын өнүктүрүү аркылуу жетсе болот. Өмүрзаков белгилегендей, биринчи этапта

айдоочулардын маянасын 30 пайызга жогорулатуу пландалууда, андан кийин

ишкананын башка кызматкерлеринин айлыгы да көбөйтүлөт.