Австрияда коронавируска каршы эмдөөдөн кийин каза болгондордун саны 74кө жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анда айтылгандай, 2020-жылдын 27-декабрынан 2021-жылдын 16-апрелине чейинки аралыкта коронавируска каршы вакцина менен эмделгенден кийин каза болгондордун саны 74 адамды түздү. Каза болгон жарандар BioNTech/Pfizer (64), Moderna (4), AstraZeneca (6) вакциналары менен эмдөөдөн өтүшкөндүгү айтылган.