Москванын экс-мэри Юрий Лужков көз жумду

Россиялык бир катар маалымат агенттиктер Москванын мурдагы мэри Юрий Лужков 83 жаш курагында ажал тапканын жазып чыгышты. Ага ылайык, экс-мэр Германиянын Мюнхен шаарында жүрөгүнө операция жасалгандан кийин жакшы боло алган эмес.

 

Лужков 1936-жылы Москвада туулган. Ал 1958-жылы Нефтехимия жана газ өнөр жайы боюнча Москва институтун аяктаган.

1974-жылдан тарта Химиялык өнөр жай министрлигинде иштей баштаган. Бир жылдан кийин Москванын Бабушкин райондук кеңешине депутат болуп шайланган. Андан кийин Москва кеңешине депутат болуп келген.

 

Москва шаардык компартиянын биринчи катчысы Борис Ельциндин сунушу менен шаардык аткаруу комитетинин катчысы болуп дайындалган.

1991-жылы Москва шаарынын алгачкы мэри шайланганда Гаврил Поповдун орун басары болгон. Ал жубайы экөө ошол жылдагы ГКЧПнын август путчуна жигердүү катышкан жана анда Борис Ельцина тарапта болгон. 1992-жылы Ельциндин буйругу менен мэр болуп дайындалган жана бул кызматты 2010-жылга чейин ээлеп турган.

Владимир Путин алгач президент болуп шайланганда анын үгүт өнөктүгүнө жигердүү аралашкан жана «Единая Россия» партиясын негиздегендердин бири болгон.

 

Аны 2010-жылы сентябрда ошол кездеги президент Дмитрий Медведев «ишенимден кетти» деген негиз менен кызматан алган. Лужков ошол кезде саясатка аттанаарын билдиргени менен чоң саясатка келген эмес. Анын жубайы Елена Батурина «Forbes» журналы жыл сайын жарыялаган Россиядагы эң бай аялдар рейтингинде сап башында турат.