Индия TikTok, WeChat баштаган 59 тиркемени колдонууга тыюу салды

Индия бийлиги 29-июнь күнү кытайлык 59 тиркемени колдонууга тыюу салды. Бул тууралуу РИА Новости өкмөттүн маалымат кызматына шилтеме кылып жазып чыкты.

 

Тизмеде TikTok менен WeChat баштаган Mobile Legends, UC News, Weibo, QQ Music, Mi Community, Club Factory, Kwai, Baidu map, Clash of Kings жана башка тиркемелер бар.

Индия бийлиги мындай кадамга өлкөнүн көз карандысыздыгын, коопсуздугун жана мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо үчүн барып жатканын түшүндүрүүдө. Эми бул тиркемелер Индиянын аймагында колдонулбайт.