Бишкекте Садыбакасов көчөсү оңдоо иштерине жабылат. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, калыбына келтирүү жумуштары 17-мартта башталат. Көчөнүн Эр-Тайлак – Абдрахманов тилкеси оңдолот.
Альтернативалык вариант катары Чортеков көчөсү сунушталат. Белгилеп кетсек, учурда ордо калаада кытайлык гранттын эсебинен көчө тармактарын калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.