Россия буга чейин доллар менен түзүлгөн келишимдерди кайра карап чыгып, рублга которууга даяр

Россия буга чейин доллар менен түзүлгөн келишимдерди кайра карап чыгып, рублга которууга даяр. Бул тууралуу ишкерлер менен жолугушууда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

 

Анын айтымында, бул мунай ташуучулар ассоциациясынын, дан корпорациясынын жана башка бирикмелердин жеткирүүлөрүн жеңилдетмек.

 

Акчабар агенттиги эске салгандай, кризиске чейин рублдун долларга карата куну 75-76 сомго барабар болчу. Ал эми учурда Россияда америкалык валюта 54 пайызга кымбаттады.