Ысык-Көл облусунун прокурорунун милдетин аткаруучу болуп Канат Насипов дайындалды

Ысык-Көл облусунун прокурорунун милдетин аткаруучу болуп Канат Жумалиевич Насипов дайындалды.

Бул маалыматты АКИpress агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Насипов буга чейин облустун прокурорунун орун басары болчу.

Мурунку прокурор Сыймык Жапыкеев кызматынан кетүү үчүн 28-апрелде өз каалоосу менен арыз жазган.

Эске салсак, Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп 30-мартта дайындалган.