Өкмөт Министрлер кабинети болуп кайра түзүлдү

Президент Садыр Жапаров жаңы Конституциянын жоболоруна ылайык “Министрлер кабинети жөнүндөгү» жарлыкка кол койду.

Анын дагы башка жарлыктары менен Министрлер кабинетинин төрагасы болуп буга чейинки премьер-министр Улукбек Марипов, төраганын орун басары кызматына ушул кезге чейин вице-премьер-министр болуп турган Артем Новиков дайындалды.

 

Президенттин жарлыгына ылайык, Министрлер кабинетинин түзүмү төмөнкүдөй болду:

— Экономика жана финансы министрлиги;

— Коргоо министрлиги;

— Тышкы иштер министрлиги;

— Юстиция министрлиги;

— Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;

— Билим берүү жана илим министрлиги;

— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;

— Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

— Ички иштер министрлиги;

— Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;

— Энергетика жана өнөр жай министрлиги;

— Айыл, токой жана суу чарба министрлиги;

— Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министрлиги;

—Санариптик өнүктүрүү министрлиги;

— Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети;

— Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.

Министрлер кабинети төмөнкүлөрдөн турат:

— Министрлер кабинетинин төрагасынан;

— Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынан;

— Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министринен;

— Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;

— Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министринен;

— Министрлерден;

— Мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан.

Министрлер кабинетине караштуу төмөнкү аткаруу бийлигинин органдары иштейт:

— Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги;

— Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;

— Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги;

— Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.