БАЭ Кыргызстанда 200 МВт кубаттуулуктагы күн станциясын курууга кызыктар

Бириккен Араб Эмирлиги Кыргызстанда 200 МВт кубаттуулуктагы күн станциясын курууга кызыктар.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен маалым болгондой, бул боюнча Бишкекте өткөн эки тараптуу бизнес-форумдун алкагында кеп болду.

Анда аталган агенттиктин директору Равшан Сабиров демилгени кубаттап, кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Чиновник ошондой эле эмират компанияларын өнөр жай, айыл чарба, туризм, саламаттык сактоо жана аймактар ​​аралык кызматташууга инвестиция салууга чакырды.