Садыр Жапаров Владимир Путин менен 24-майда Сочиде жолугат

Президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен

24-майда Сочиде жолугат. Бул тууралуу Путин 18-майда

элчилерге ишеним грамоталарын тапшырып жатканда айткан.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Евразия экономикалык интеграциясы тууралуу сөз болот.

Ошондой эле Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ), Көз карандысыз мамлекеттердин

шериктештиги (КМШ) жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) алкагында аймактык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси көтөрүлөт.

10-майда Садыр Жапаров Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Баарлашуунун жыйынтыгында Жапаров

ушул айдын этегинде Москвага иш сапар менен барары белгилүү болгон.

Бүгүн 18-майда Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү. Президенттин басма сөз кызматы

Жапаровдун бул кадамын алдыдагы эл аралык иш-чараларга байланыштуу деп түшүндүргөн