Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү.
Дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, 4,5 миң тоннадан турган жүк Бишкекке келди.
Жардам темир жол аркылуу 75 вагондо жеткирилди. Эске салсак, буга чейин коңшу
өлкөнүн президенти Касым-Жоомарт Токаев биздин республикага гуманитардык
жардам катары 10 миң тонна ун берүү боюнча чечим кабыл алган.