Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун кезектеги толкунуна даяр

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун кезектеги толкунуна даяр.

Бул тууралуу Медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурида Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, ооруга чалдыккандардын саны көбөйсө, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында кызыл зона ачылат.

Зарыл болсо, башка ооруканаларда кошумча орундар уюштурулат.

Чиновниктер керебеттер жана дары-дармектер жетиштүү, ал эми дарыгерлердин коронавирусту дарылоодо тажрыйбасы бар деп ишендирүүдө.

Кошумчаласак, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны кайрадан өсүүдө.