Кыргызстанда коронавирус катталган жок

Кыргызстанда коронавирус катталган жок. Жугуштуу илдеттин алдын алуу штабынын маалыматына ылайык, сырттан келип жаткандар кылдат текшерүүгө алынууда. Чек ара бекеттери күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда.

 

Аба компаниялары менен түзүлгөн келишим боюнча, жүргүнчүлөр учактан түшүрүлбөй туруп, тепловизор көзөмөлүнөн өткөрүлүп жатат.  Кыргызстанга чет жактан келген бардык жарандар жалпы жарандык паспорт менен гана киргизилүүдө.

 

Штабдын маалыматы боюнча, эпидемиологиялык кырдаал курч мамлекеттерден келгендер  өлкөгө киргизилбейт. Ал эми кыргызстандыктар 2 апталык карантинге алынат.