Ош шаарында коронавирус жуктурган бейтаптарды кабыл алган стационар ишин жандантты.
Вируска кабылгандардын саны өскөндүктөн стационарга жабдуулар, дары-дармектин запасы даярдалып, бардык палаталарга кычкылтек берүү аппараттары коюлду, — дешти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.
Стационар эки ай мурда жабылган. 100 орунга ылайыкташкан медициналык жай Балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын аймагында жайгашат.
Белгилеп кетсек, Кыргызстанда соңку күндөрү коронавируска кабылган учурлар көбөйүүдө.