Кыргызстанда коронавирус катталган жок

Кыргызстанда коронавирус катталган жок. Бул тууралуу вирусту алдын алуу штабынын мүчөсү Кубатбек Садырбеков билдирди. Өкмөт массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салып, түнкү клубдарды, кинотеатрларды, компьютер залдарын, соода борборлорундагы балдар үчүн оюн-зоок аянтчаларын, тамактануу жайларды жапты.

 

Ошондой эле өпкөнү сезгентүүчү вирустун жайылышына бөгөт коюу үчүн жарандарга эл көп чогулган жерге барбоо, ата-энелерге балдарын үйдө кармоо сунушталды. Казакстан менен Өзбекстанда коронавирус аныкталган соң, чек аралардагы өткөрмө бекеттеринин иши дагы күчөтүлдү.