Дыйкандарга дээрлик 4 млрд сомго 7,5 миң жеңилдетилген насыя берилди

«Айыл чарбасын каржылоо — 10» долбоорунун алкагында дыйкандарга дээрлик 4 миллиард сомго 7,5 миң жеңилдетилген насыя берилди.

Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каражат өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылык жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясы боюнча берилди.