Бишкекте жашоо минимуму 7 миң сомго жакындады

Бишкекте жашоо минимуму 7 миң сомго жакындады.

Ордо калаада биринчи кварталда калктын жан башына орточо жашоо минимум 6 миң 854 сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 16 пайызга өстү.

Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыровдун 100 күндүк ишинин жыйынтыгынын алкагында айтылды.

Белгилеп кетсек, доллардын азыркы курсу боюнча борбордо жашоо минимуму 86 долларды түзөт.

Кошумчаласак, жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.