Бишкекте 5 эмдөө түйүнү ачылат

Бишкекте 5 эмдөө түйүнү ачылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Алар үй-бүлөлүк медицина борборлорунун базасында жайгашат.

 

Ошондой эле Чүй жана Ош облустарында экиден түйүн ачылат. Вакцинация процедурасына даярдыктан өткөн медицина кызматкерлери тартылат. Эске салсак, Кыргызстанда эмдөөнүн биринчи этабын баштоо үчүн даярдыктар жүрүүдө.

 

Алгач вакцинаны медицина кызматкерлери, мугалимдер жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү алат.