Салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү бүгүн аяктайт

Салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Мамлекеттик салык кызматынан эскертишкендей, салык органдары бүгүн декларацияны түнкү саат 12ге чейин кабыл алат.

 

Жеке ишкерлер документти электрондук түрдө гана, ал эми жеке жактар тандоосу боюнча электрондук же кагаз түрүндө тапшырса болот.

 

Декларация тапшырбагандар айыпка жыгылат.