Республикада көмүрдүн баасы дээрлик 20 пайызга кымбаттады

Республикада көмүрдүн баасы дээрлик 20 пайызга кымбаттады.

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Алсак көмүрдүн орточо баасы республика боюнча быйыл октябрда былтыркыга

салыштырмалуу 1 тоннасы 19,7 пайызга жогорулады. Өлкө боюнча эң кымбат көмүр

Ноокатта – тоннасы – 9 миң 794 сом, Баткенде – 9,5 миң сом жана

Исфанада – 8 миң 642 сомдон сатылууда. Ал эми эң арзан кара отун

Чаек айылында тоннасы — 3 миң сом болсо, Балыкчыда– 4 миң сом жана

Нарында – 4 миң 200 сомго барабар.