16-апрелден тартып өткөрмө кагаздар электронук түрдө гана берилет.
Бул тууралуу ордо калаа коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
Анын айтымында, 15-апрелге чейин берилген өткөрмө кагаздар эми
буйруктун негизинде автоматтык түрдө узартылат. Ал эми жаңы уруксат
кагаздарын алууну каалагандардын арыздары онлайн режимде кабыл алынат.
Бул боюнча маселе жаралбайт, — деди Орозалиев. Белгилеп кетсек, өткөрмө
кагаздарды узартуу чечими өзгөчө абал режими узартылган
аймактардын барына тиешелүү болот.