Санарип кодексинин концепциясы коомчулукка 26-декабрда сунушталат

Санарип кодексинин концепциясы коомчулукка 26-декабрда сунушталат.

Бул тууралуу Novosti.kgге санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Документ төрт деңгээлден турат — маалыматтар, кызматтар, системалар жана инфраструктура.

Иштеп чыгууда авторлор санариптик экономика боюнча мыкты эл аралык тажрыйбага таянышкан.

Документтин кабыл алынышы менен экономиканын өсүү темпин жогорулатуу үчүн шарттар түзүлүп, ошондой эле мамлекет менен жеке сектордун ортосундагы кызмат көрсөтүү жакшырат деп күтүлүүдө.