Кыргызстанда дотациядагы айыл өкмөттөрдүн саны кыскарды

Кыргызстанда дотациядагы айыл өкмөттөрдүн саны кыскарды.

Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Элчибек Жантаев билдирди.

Анын айтымында, былтыркы жылы 329 дотацияда турган айыл өкмөт болсо, бул сан азыр 277 же дээрлик 73 пайызды түзөт.

Ошол эле учурда өзүн-өзү камсыздоочу айыл өкмөттөрдүн саны 75тен 127ге көбөйдү.