Швейцариянын өкмөтү чек ара жаңжалынан жабыркаган Баткен облусуна жардам катары 450 миң доллар бөлөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Бишкектеги элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул каражатка Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тамак-аш жана азык-түлүк жагынан көмөк көрсөтөт.
Белгилеп кетсек, Тажикстандын куралдуу кол салуусунда жалпысынан Баткенде 661 турак-жай жабыркап, анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган. Үй-жайсыз калгандар убактылуу түйүндөрдө, чатырларда жана туугандарыныкында күн кечирүүгө аргасыз. Бийлик аларга үйлөрдү 2 айда куруп берүүгө убада берген.