Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам Кыргызстандын бюджети белгиленген суммага жеткен жок.
Вице премьер-министр Эркин Асрандиевдин айтымында, 1-июнга карата мамлекеттик органдардын
жоготуулары 14 миллиард сомдон ашты. Жетишсиздик салык жана бажы төлөмдөрүн да
эске алуу менен түзүлдү. Учурда өкмөт экономикалык кризистен чыгуу чараларын иштеп жатат.