Азык-түлүктүн баасын кымбаттаткан ишкерлерге салынган айыптын өлчөмү
белгилүү болду. Монополдукка каршы мамлекеттик агенттигинин маалыматында,
юридикалык жактар 5 миң сом, ал эми физикалык жактар 1 миң сом өлчөмүндө
айыпка тартылат. Буга чейин республика боюнча биринчи жана экинчи сорттогу
ундун баасы боюнча чектөө белгиленген. Ошондой эле 11 азык-түлүктүн баасын
негизсиз жогорулатууга тыюу салынды. Токтом 13-марттан тартып күчүндө.
Ал эми жарандар мыйзам бузууларга күбө болсо тиешелүү
мекемеге билдирип койсо болот.