Семёновское жана Григорьевское капчыгайларындагы жолдор эмне себептен оңдолбой жатканы айтылды

Унаа жана жолдор министрлиги туристтик сезондун кайнаган маалында Семёновское жана Григорьевское капчыгайларындагы жолдордун кейиштүү абалын түшүндүрдү.

Министрликтен билдиришкендей, июнь айынын башында жолдорду түздөө иштери жүрүп, бирок нөшөрлөп жааган жамгырдан улам үстүн сел алып кеткен.

Жогорудагы жолдордну оңдолбой жатышынын дагы себеби катары бош техниканын жетишсиздиги менен түшүндүрүлдү.