Кыргызстанда коммерциялык банктар чет мамлекеттерге төлөмдөр жана которуулар боюнча бардык операцияларды үзгүлтүксүз жүргүзүүдө

Кыргызстандын коммерциялык банктар чет мамлекеттерге төлөмдөр жана которуулар боюнча бардык операцияларды үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.

 

Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

 

Анын айтымында, эгер кардарда суроолор пайда болсо, анда буга чейин кызматын алган банкка кайрылуу керек. Эгер керектөөчүнүн укуктары бузулса, анда Улуттук банкка арыз менен кайрылуу сунушталат. Карабаева белгилегендей, даттануулар каралып, тиешелүү чаралар көрүлөт.