Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Кулатовдон Лев Толстойго чейинки бөлүгү 25-июлдан тарта убактылуу жабылат.
Мэриянын маалыматына караганда, Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн боюндагы магистралдык жылуулук тармагын оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлөт.
Реконструкциялоо иштери 2022-жылдын 1-октябрына чейин уланат.