Сентябрга пландалган Ысык-Көл марафону кийинки жылга калды

Кезектеги эл аралык Ысык-Көл марафонун өткөрүү мөөнөтү коронавирус эпидемиясына байланыштуу өзгөрдү. Бул тууралуу 20-июлда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик кабарлады.

 

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл тогузунчу жыл уюштурула турган марафон 5-сентябрда өтмөк:

 

“Календардык планга ылайык 5-сентябрга пландалган «Run the Silk Road — Shanghai Cooperation Organization» марафону 2021-жылга калды. Иш-чараны өткөрүү мөөнөтү тууралуу кошумча кабар берилет. Катталып, акчасын төлөп койгондор дароо кийинки марафондун катышуучусу болуп эсептелет”.

 

Былтыр 11-майда өткөн 8-эл аралык «Run the Silk road» марафонунда 42 километр 195 метр аралыкка чуркоодо аялдардан Дарья Маслова, эркектерден Адилет Кыштакбеков биринчи келишкен. Жөө күлүктөр Чолпон-Ата шаарынын ат майданынан Корумду айылына чейин чуркашкан. Марафонго 27 өлкөдөн 3 миңге чукул адам катышкан.