Жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуу боюнча ыкчам байланыш номурлары иштеп баштады. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, абитуриенттер аталган министрлик тарабынан иштелип чыккан 2020.edu.gov.kg/ системине катталып, каалаган адистик жана окуу жайына тапшыра алат. Ага байланыштуу суроолор жаралса, 1919 кыска номуруна чалуу керек.