БШК президенттик шайлоого карата добуш берүүчүлөрдүн бюллетенин 21-декабрга чейин бекитет.
Комиссиядан такташкандай, ошондой эле бюллетенге Брайль шрифти киргизилет.
2-январга чейин бардык документтер даярдалып, аймактык шайлоо комиссияларына берилиши керек.
Бюллетендер шайлоо тилкелерине 8-январга чейин жеткирилет.
Эске салсак, мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 10-январда өтөт.