Шайлоого үгүттө максатында массалык иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирет.
Анын айтымында, концерттер жана спорттук мелдештер өткөрүлбөйт. Шайлоого үгүттөө
иштери 4-сентябрда старт алат жана ал бир гана онлайн режиминде өткөрүлөт.
Добуш берүү 4-октябрга белгиленди.