Кыргызстанда эл аралык каттамдарды ачуу пландалууда

Кыргызстанда эл аралык каттамдарды ачуу пландалууда.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Жарандык авиация агенттигинин директору

Курманбек Акышев билдирди. Анын айтымында, 1-августтан тартып Түркия,

Россия, Бириккен Араб Эмирлиги жана Казакстан өлкөлөрүнө аба жолдорун

уюштурууга уруксат берилди. Учурда алар тарабынан жооп келе элек.

Сүйлөшүүлөр уланууда. Эске салсак, Кыргызстанда эл аралык

каттамдар март айында карантинге байланыштуу токтотулган.